icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Пол Александердин окуясы

👁 40
Опубликовано: 19 марта 2024

2024-жылдын 11-мартында басып өткөн жолу өтө таң калтырган америкалык юрист жана жазуучу 78 жашында дүйнө салды.

Пол Александер 6 жашында коркунучтуу ооруга кабылган — ал полиомиелиттин оор түрүн башынан өткөргөн. Бала мойнунан ылдый шал болуп, кыймылдай албай, ал тургай өз алдынча дем ала албай да калган. Полдун жаны аман калганы менен, 70 жылдан ашык өмүрүн атайын барокамерада — “Темир өпкө” деп аталган темир түтүктө өткөргөн.⠀

1952-жылы АКШда полиомиелиттен үч миң адам көз жумган, бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Пол укмуштуудай оптимисттик маанайы жана ата-энесинин эбегейсиз колдоосу менен гана аман калды. Убакыттын өтүшү менен ал камеранын тышында бир нече саат өткөргөндү үйрөнөт. Бул чоң жетишкендик болуп калды, себеби Пол билим алып, алтургай жарандык юридикалык маселелер менен алектенип, карьера да жасай алды.

Пол Александер айланасындагы адамдардан өтө көз каранды болгонуна карабастан, айрым иштерди өз алдынча жасай алчу. Ал китеп окуганда улам барактап туруш үчүн желим таякчаны колдончу (биринчи таякчаны атасы жасап берген эле), компьютердин клавиатурасында тергенди билчү (150 беттик китеп жазууга 8 жылы кеткен) жана телефон чала алчу (бул үчүн ал баскычтуу телефонду колдончу).

Полиомиелитти айыктыра турган дары ушул күнгө чейин чыга элек, бул ооруну айыктыруунун эң мыкты жолу — эмдөөнүн жардамы менен алдын алуу.

Полиомиелиттин алдын ала турган вакцинанын эки түрү бар:

Инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) булчуңга сайылат.

Оралдык полиомиелит вакцинасы (ОПВ) баланын оозуна тамчылатып берилет.

Балдар полиомиелитке каршы эмдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык алышы керек.

Полиомиелитке каршы эмдөө 4 жолу жасалат:

ымыркай 2 айында ОПВ

ымыркай 3,5 айга толгондо ОПВ, ИПВ1

бала 5 айында ОПВ

бала 9 айга толгондо ИПВ2 сайылат.