icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Республикалык иммунопрофилактика борбору Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору менен байланышты жакшыртуу үчүн жабдуу алды

👁 217
Опубликовано: 9 июля 2023

2023-жылдын 7-июлунда ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборуна (РИБ) заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет. Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) CDS-2 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын жалпы наркы 2,5 млн. сомдон ашык болду.

Жабдууну тапшыруу боюнча расмий салтанат Бишкекте РИБдин директору Гүлбара Ишенапысова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиолонун катышуусунда өттү.

Гүлбара Ишенапысованын айтымында, бул жабдуу калктын вакциналарга болгон ишенимин арттыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жардам берет.

“Жабдуулар вакциналар менен башкарууга боло турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн бардык облустук борборлоруна өткөрүлүп берилет.  Бул бардык тапшырмаларды бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграциялоону камсыз кылат жана иштин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, — деп белгиледи ал.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору интерактивдүү такталар, видеобайланыш үчүн микрофондор жана камералар менен жабдылат.

“COVID-19 пандемиясы кризис учурунда натыйжалуу координация, байланыш жана даярдык чечүүчү мааниге ээ экенин көрсөттү. Биз бул жаңы жабдуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын мындан ары жогорулатууга жардам берет деп үмүттөнөбүз”, — деди Кристина Бруджиоло.

ЮНИСЕФ COVID-19га жана башка ооруларга каршы эмдөөнү жайылтууда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун улантууда. ЮНИСЕФ вакциналарды сактоону жакшыртууга, санариптик чечимдерди киргизүүгө, медициналык кызматкерлерди окутууга жана вакциналарды сатып алууга жардам берип келатат.

Негизги максаты – эмдөөнү жана ар бир баланын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу.